Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы чакырылыштын депутаттары 22-декабрда ант берип, мандат алышы күтүлүүдө

20.12.2021 10:40
1239
Жаңы чакырылыштын депутаттары 22-декабрда ант берип, мандат алышы күтүлүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоону утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу билдирди.


Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт. Мандат берилгенден кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот.


VII чакырылыштагы депутаттардын биринчи сессиясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети иштеп жатканын анын мүчөсү, "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 23-декабрда алгачкы сессияны өткөрүү пландалууда.


Булак: Азаттык радиосу

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн