Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин спикерлик кызматына үч адамдын талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу "Репортёр" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы чакырылыштын спикерлигине "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Бакыт Төрөбаев, "Альянс" партиясынан Жанар Акаев ал эми бир мандаттуу округдан эң көп добуш топтогон Нурлан Шакиевдин талапкерлиги каралып жатканы айтылууда.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат.
Пикирлер (20)