Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаңы дайындалган директорду Травматология жана Ортопедия борборунун дарыгерлери киргизбей койду (видео)

04.02.2022 15:39
1409
Жаңы дайындалган директорду Травматология жана Ортопедия борборунун дарыгерлери киргизбей койду (видео)

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна келген саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевди имаратка киргизишкен жок.


Министрдин орун басарынын айтуусуна караганда, ал оорукананын эмгек жамаатын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин борбордун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын түзүү боюнча буйругу менен, ошондой эле жаңы жетекчи Гулия Кожакматова менен тааныштырганы келген.


Бирок имараттын алдында чогулгандар министрдин чечимине нааразычылыктарын билдирип, аткаминерди имараттын ичине киргизишкен жок.


Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматтын алынган директору Сабырбек Жумабеков ведомствонун иш аракеттери мыйзамсыз экендигин айтып, өз укугун коргой тургандыгын кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн