«Жаңы дем» деген ураан алдында бириккен бул кыймылга кошулууну каалагандар үчүн эшик ачык экенин кыймылдын мүчөсү Азамат Темиркулов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин "Ата мекен", "Ак Шумкар", "КЛДП" партиялары жана социал-демократтар партиясынан бөлүнгөндөр, экологиялык эки уюмдан турган топтор биригип, “Жаңы дем” деген кыймыл түзүшкөнү маалым болгон.
Азамат Темиркуловдун айтуусунда, бул биригүү ушуну менен токтоп калбайт. Бул башталышы. “Дагы жаңы дем бере турган саясатчыларга эшик ачык”, - деп жазды ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.
Бул кыймылдын дагы бир мүчөсү депутат Жанар Акаев да бул альянска бир нече саясий топторду чакырган. «Стратегиялык кызматташуу» келишимине кол койдук. Бул альянска дагы бир нече саясий топторду чакырабыз, эшигибиз ачык. Парламентке энергиялуу, калыс, элдик кишилерди алып келүү максатыбыз бар! Бийлик менен байлыкка азгырылбай, чоң күчкө биригүүнүн өзү жеңиш! Эл сабатсыздардан тажады. Жаңы альянска кошулууга чакырам!”, - деп билдирген болчу.
Пикирлер (4)