"Ынтымак Ордодо" мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов комиссияга жетекчилик кылууда.
Комиссиянын курамына композитор, акын, жазуучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген.
Комиссиянын биринчи отурумунда өткөрүлө турган сынактын жол-жобосу, сынакты уюштуруунун тартиби жана иш планы бекитилди.
Ошондой эле комиссия мүчөлөрүнүн добушу менен ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгына акын, журналист Элмира Ажыканова дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн