4-июнга карата коронавирустун жаңы 28 учуру катталды, алардын жетөө кайдан жуктурганы белгисиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 28 учуру катталды. Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн