Жаңы катталгандардын үчөө байланышта болуп жуктурса 1 адам Россиядан келген. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жыйында айтты.
“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө сырттан келген (Россиядан кайткан), үчөө – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - деди Мамбетов.
Анын айтуусуна караганда буга чейинки абалы оор делген 3 адамдын абалдары турукту. Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап аппараттан чыккан.
Ошондой эле, Жалпы 9128 изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бир суткада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 884 түзөт.
Ал эми, өлкө боюнча обсервацияда 1588 киши жатканы кабарланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн