Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы конуштардагы 4 300 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт

28.04.2020 12:12
945
Жаңы конуштардагы 4 300 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт


Бишкек шаарынын четиндеги 4 300 үй-бүлөгө өкмөт жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 28-апрелде өткөн брифингде Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.


Анын айтымында гуманитардык жардамды 29-30-апрель жана 1-май күндөрү таркатышат.


Ак-Жар конушундагы 1 800 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. 10 килограмм ун, 3 килограмм кум шекер жана өкмөт бөлүп жаткан 777 сомдук жардамын жеткиребиз. Ошондой эле, Ленин районундагы Ак-Ордо 1, 2, 3, ТЭЦ 2, Селекция жана башка бир кошушта 2 500 адам тизмекте, аларга да эртеңден баштап үч күндун ичинде гуманитардык жардамдар жеткирилет”, - деди Түлөбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн