Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:41
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жаңы конуштардын 1000ден ашык жашоочусу үйлөрүнүн документтерин алды

27.01.2022 15:10
632
Жаңы конуштардын 1000ден ашык жашоочусу үйлөрүнүн документтерин алды

Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына турак жайы үчүн 1 миң 81 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.


"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан кайрылуу түшкөн. Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.


Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат.

Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Темиракун уулу Бексултан
Ак-Ордо 3 484 -контур Сары- Жаз кочосу 39- участок