Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жаңы макалдар

18.02.2021 18:05
3438
Жаңы макалдар


Өкмөттүн укуругу узун, арканы кыска.

Ууру тойгончо жеп, троллуна каргатат.

Кайран гана казына, карамак белек азына...

Авиатурист ажы көп, акча түшпөс бажы көп.

Ажолукка алтоо чыкса, беренесин бешөө билбейт.

Ынсапсызга кашык сунсаң үч бийликти кошо ууртайт.

Жебегендер Ата-Бейитте, жегендер нака бейиште.

Жебеген жердин астында, жеген хандын үстүндө.

Жебегендер убайда, жегендер Дубайда.

Ууру менен табакташтын убадасы көп.

Уурунун көчүгү кууш, бирок алкымы чоң.

Уурунун арааны жүрсө уруштун карааны жүрөт.

Ортондун ооматы көп, оомат качса дооматы көп.

Кыргыздын мыйзамы орусча жазылат.

Прокурор айныса адвокаттан иш талашат.

Соттун сообу үчүн сомуң аздык кылат.

Соттун жүгөнү бийликте, жүйөсү байлыкта.

Тоок уурдаган тутулат, тоону саткан кутулат.

Эл башынын телефонунан 50 "Ватсаптын" башы чыгыптыр.

Бүгүн айткан эртең жок, бүрсүгүнү дүйнө бок.

Фейктер тезек талашат, "Фейсбукта" кезек талашат.

Мурунку митинг кийинки митингди жактырбайт.

Хандын бөбөгү болгуча Хабибулланын өнөгү бол.

Туткак бийде тууган көп, туугандыгын жууган көп.

Чириген бийликке чимкирик парламент.

Калптын казаны кайнабайт, бирок калкка сунсаң иче берет.

Молдодо теспе көп, бийликте кесме көп.

Зикир чалган дини көп, зиркилдеген жини көп.

Чоңдор эл көзүнчө бычакташат, эл жокто кучакташат, эртеси ушакташат.

Кандарың айта берет, кайра кайта берет.

Бийлик менен байлык - колдун кири, бирок май кармаган бармагын жалайт.

Ак үйдөгү кашаада айрык шымдын өчү бар.

Бүгүнкү фанат, бүрсүгүнү чанат.

Митингчинин сабыры таш алгыча, милийсанын сабыры таш тийгиче.

Жыргалбек Касаболот, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн