Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:21
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Жаңы объектилердин курулушу менен 38 айыл ичүүчү суу менен камсыздалды

24.03.2020 14:18
668
Жаңы объектилердин курулушу менен 38 айыл ичүүчү суу менен камсыздалды

 

Өткөн жылы каржылоонун бардык булактарынан республиканын 38 айылы ичүүчү суу менен камсыздоо системалары калыбына келтирилип, жаңы объектилери курулду. Натыйжада 47 миңден ашык адам ичүүчү суу менен камсыз кылынды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 2019-жылы жалпы суммасы 100 млн доллар болгон 7 долбоордун макулдашуусуна кол коюлган. Аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында 150 миңден ашык жаран ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.

Муну менен 7 долбоорго кол коюлган. Учурда бул долбоорлор боюнча ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, 2026-жылга чейин Кыргызстандагы калктуу конуштардын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана агындуу суу системаларын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 8 млрд 882 млн сомго республикадагы 425 айылдын суу менен камсыз кылуу системасын, ошондой эле 4 млрд 048 млн сомго 27 райондук борбордун агынды суу системасын куруу жана реаблитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн