Бугу 07, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жаңы өкмөттөгү “калбыры” барлар кимдер?

04.02.2021 09:51
859
Жаңы өкмөттөгү “калбыры” барлар кимдер?

3-февралда Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти. Ушул эле күнү 16 мүчөдөн турган министрлер кабинетин дайындоо боюнча Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду жана өкмөт мүчөлөрү парламентте ант берди. 


Тилекке каршы жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн арасында буга чейин артынан ар кандай сөздөр ээрчиген министрлер бар. Алардын бири Аскар Жаныбеков айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Жаныбеков убагында “Ар-Намыс” партиясынын квотасы Айыл чарба министри болгон эле. Ошол учурда республикабыздын чарбаларындагы уйдардын асыл тукумдуулугун жакшыртуу максатында кредит катарында АКШдан келген 800 миң долларга бааланган букаларды, уйларды өзүнүн “Рейна Кенч” деген менчик фирмасына каттатып койгону айтылган. Ошол насыяны мамлекет төлөгөн деген сөздөр да бар. Бул фактыны тиешелүү органдар иликтеп, элге кенен маалымат бериши керек.


Мындан сырткары энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 2004-жылы Ысык-Көл облустук соту тарабынан бюджетке өтө оор зыян келтиргендиги үчүн соттолгону боюнча маалыматтар тарады. Министр мырза бул айыптоону четке кагып, айрымдардын шалаакылыгынан улам жок жерден күнөөлөнүп калганын билдирүүдө. 


Ал эми Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге буга чейин Аскер прокуратурасы "кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратура Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасына 5 млн сомду мыйзамсыз бөлгөнүн айткан. 


Жогорудагы министрлер канчалык күнөөлүү экенин тиешелүү органдар аныктасын. Бирок, жаңы бийлик келип, элдин үмүтү жанып турганда мындай артынан сөз ээрчигендерди командага кошуу канчалык ийгилик алып келет? Муну эми убакыт көрсөтөт. 


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аалы
Тажатышты