Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жаңы өкмөттүн курамы кандай болот?

01.02.2021 13:17
1024
Жаңы өкмөттүн курамы кандай болот?


Бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлигин кароодо. Көпчүлүк коалиция бир чечим кабыл алгандан кийин, 3-февралда жаңы өкмөт башчысы жана өкмөттүн жаңы курамынын талапкерлери жалпы парламенттик жыйында каралат. Азырынча Марипов баштай турган өкмөттүн жаңы курамында кимдер бар экени белгисиз.


Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамында айрым министрликтер кыскара турганын билдирди. Анын айтымында учурда 22 министрлик болсо, алардын саны 16га чейин кыскарат. Кыскара турган алты министрликтин ичинде кайсылар бар экени да азырынча белгисиз. Ошондой эле ведомстволор, агенттиктерде да кардиналдуу өзгөрүүлөр болот.


Буга чейин маалымат каражаттарында Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна башка талапкер сунуштала турганы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен. Бирок, өкмөт башчылыкка талапкердин айтымында Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн кызмат ордунда калат. Бир нече тилде эркин сүйлөгөн, илимдин доктору даражасы бар Алмазбек Бейшеналиев чындыгында кыска убакыт аралыгында министрликте көптөгөн өзгөрүүлөрдү жасаса боло тургандыгына ынандыра алды. Андыктан анын баштаган иштерин аягына чыгаруусуна мүмкүнчүлүк берилгенин коомчулук да колдоп турат.


Жаңы өкмөттүн курамындагы дагы бир башкы өзгөчөлүк, мурдагыдай төрт вице-премьер министр эмес, бир гана вице-премьер-министр кала турганы болду. Ал эми финансы министри премьер-министрдин орун басары рангасында болот. «Көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт» демекчи, жайнаган вице-премьерлерди дайындоо менен өкмөттүн иши алдыга жылып кетпей турганын деле көрдүк. Андыктан бардык жоопкерчиликти мойнуна алып, бел чечпей иштеп бере турган жалгыз эле вице-премьердин калганы да колдоого ала турган жагдай. Ал эми өлкө экономикасынын күрөө тамырын кармап турган финансы министрлигинин рангасы жогорулаганы да туура.


Баса, Улукбек Марипов Айыл-чарба министрлигинин ишин күчөтүү максатында, анын ролун жогорулатуу планы бар экенин да айтып өттү. Ошондой эле ал Энергетика жана өнөр-жай министрлигин түзүү керек экендигин билдирди. «Төрт энергетикалык компания экономикалык иштерди өз-өзүнчө алып барууда. Алардын чыгашасы көп. Бул тармакты кайрадан министрликке айлантышыбыз керек», - деди ал.


Айрым маалыматтарга караганда жаңы өкмөттүн курамынан вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жана Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев көрүнбөй калышы мүмкүн. Ал эми Алманбет Шыкмаматов кайсы бир министрликтин башына келиши күтүлүүдө.


Улукбек Марипов бул кызмат ордуна «Республика – Ата Журт» фракциясынын атынан көрсөтүлүп жатат. Ал өзүнүн саясий амбициясы жок экенин, жөн гана өз өлкөсү үчүн жан дили менен иштеп берүүгө милдеткер экенин айтты. «Мен 20 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келатам. Мен мамлекеттин алдында өзүмдү ушунчалык карызмын деп эсептейм. Себеби мага 20 жыл инвестиция кылды. Мамлекетке өмүрүмдүн аягына чейин тикемден тик туруп кызмат кылышым керек. Эч ким бул дүйнөдөн эч нерсесин көтөрүп кете албайт. Баарыбыз бир жерге барабыз, ошону унутпашыбыз керек. Менде принцип ушундай», - деди ал.


Албетте, жаңыдан кызматка барып жатканда ар бир талапкерден ушундай жалындуу сөздөр айтылат. Эми ошол айтылгандар куру сөз боюнча калбай, иш жүзүндө көрсөтүлүшүн гана каалайбыз. Эмнеси болсо да бул өкмөт өтө оор экономикалык абалда келип жатат. Ошол оор абалды жөн гана сөз менен айтып, сөз менен «оңдой» бербестен, практика жүзүндө оң жолго салып кетүү милдети турат. Ошого даяр өкмөт болот деп ишенип туралы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн