Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Министрлик: Жаңы окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынат

14.08.2020 16:30
989
Министрлик: Жаңы окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынат


2020/2021-окуу жылында 1-класска 156 миң 430 окуучу кабыл алынат. Бул туурасында өкмөттүн жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.


«Өлкөнү санариптештирүү алкагында жана үстүбүздөгү жылы жарыяланган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча тутумдуу иш алынып барылды. Жаңы окуу жылынын башталышына карата балдарды 1-класска каттоодо балдарды мектепке жазуу тартибинин ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу  максатында 2020-жылдын 15-февралынан тарта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук түрдө жаздыруу» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү улантылууда», - деди ал.


Аталган тутум ата-энелерге баланы жалпы билим берүү мектептерге атайы программалык камсыздоонун көмөгү аркылуу каттоого, тутумда катталган документке токтоосуз кирүүгө жана анын аткарылышын көзөмөлдөп турууга, ыкчам түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Долбоор пилоттук режимде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында жайылтылган, 2021-жылы башка ири шаарларда жана бир нече райондордо аны ишке киргизүү пландаштырылууда.


Жалпысынан «мектепке электрондук катталуу» тутумуна 25309 билдирүү катталган, алардын ичинен мектепке 19 902 бала 1-класска кабыл алынган (Бишкек – 12 172, Ош - 4116, Кара-Балта – 420, Токмок – 1014, Кызыл -Кыя – 996, Жалал-Абад – 1184). 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн