Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 16:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы окуу жылынын биринчи чейреги онлайн форматта өткөрүлөт, - министрлик

21.07.2020 11:31
1241
Жаңы окуу жылынын биринчи чейреги онлайн форматта өткөрүлөт, - министрлик


Өлкөдөгү билим берүү мекемелеринде 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегин онлайн форматта өткөрүүгө даярданып жатабыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 21-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, өлкөдөгү абалга жараша кийинки чейректер салттуу режимде улантылышы мүмкүн.  


"Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун эске алуу менен кээ бир аймактарда окууну салттуу режимде улантуу каралууда. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин  талаптарына ылайык, мектептерде атайын тартиптер киргизилет. Алсак, билим берүү мекемелерине санитзейлерлерди орнотуп, имараттарды дезинфекциялап, класстарды желдетип турушмакчы. Буга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана билим берүү бөлүмдөрү азыртадан даярдык көрүп жатышат", - деди ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн