Аяк оона 16, 2025
Убакыт: 18:00
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.045
1.080

Жаңы оңдолгон Лев Толстой көчөсүн суу каптады

16.09.2025 16:09
18
Жаңы оңдолгон Лев Толстой көчөсүн суу каптады


Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жаңы оңдолгон бөлүгүндө суу түтүгү жарылып, көчөнү суу каптады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, авария көчөнүн түштүк тарабындагы газондо болгон. Жарылган түтүктүн диаметри 150 мм түзөт. Окуя болгон жерге “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы дароо барып, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүштү.


“Жолдун үстүнкү катмарына зыян келген эмес. Учурда суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.


Тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин толук жоюп бүткөнчө, айдоочуларды жана шаар тургундарын этият болууга чакырышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн