Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жаңы парламентке келиш үчүн канча добуш керек болот?

08.02.2021 09:23
550
Жаңы парламентке келиш үчүн канча добуш керек болот?


Президенттик шайлоо өтү. Эми жаңы конституция менен парламенттик шайлоо өткөрүү маселеси турат. Азыркы кезде ал кандай жана качан өтөрү боюнча так маалымат жок. Бир гана нерсе айкын болуп турат- Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турары. Депутаттар саны 90 болору конституцияда жазылганы кабарланган.


Аларды шайлоонун жол-жобосу болсо азырынча белгисиз. Анткени ал конституциялык мыйзамдар аркылуу аныкталат деп жаңы конституциянын долбоорунда жазылганы айтылып жатат (долбоор расмий түрдө жарыялана элек).


Айрым маалыматтарга караганда, 90 депутаттын 55 партиялык тизме менен, калган 35 бир мандаттуу округдардан шайланат, дагы бир вариант боюнча 45 партиялык тизме, калган 45 бир мандаттуу округдардан шайланат.


Шайлоо өзү эрте болсо май-июнда, кеч болсо күз айларына барат.


Азыркы Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун 3%, күрөө суммасын 1 млн. сомго түшүргөнү маалым. Бул жоболор сакталабы? Айтуу кыйын. Эгерде сактала турган болсо бир катар партиялар бирден-экиден мандат алып келиши мүмкүн. Анткени 3% босогодон өтүүгө бир катар партияларда мүмкүнчүлүк болот. Бирок...


Өткөн жылы парламенттик шайлоого 1 млн. 800 миңдин тегерегинде шайлоочу катышкан. Эгерде быйылкы жылы боло турган парламенттик шайлоого да ошончо шайлоочу катыша турган болсо, анда 3% босогодон өтүү үчүн 54 миң добуш алыш керек. Бирок босогодон өткөн партиялар ортосунда 55 же 45 гана мандат бөлүштүрүлө турган болгондуктан,  мандаттары минималдуу болуп калат.


Ал эми бир мандаттуу округдарда абдан катуу күрөш болушу күтүлөт. Учурда Кыргызстанда 3,6 млн. шайлоочу бар. Эгерде Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 45 бир мандаттуу округдардан шайланса, анда 80 миңдей шайлоочу бир депутат шайлайт, эгерде бир мандаттуу округдар 35 болсо, анда 100 миңдин тегерегинде шайлоочу бир депутат шайлайт.


80-100 миң шайлоочунун 50% гана шайлоого катышат, б.а.  40 же 50 миң шайлоочу добуш берүүгө келет. Ошондуктан биринчи турда жеңишке жетишиш үчүн талапкер кемиде 20 миңден ашуун же 25 миңден ашуун добуш алыш керек. Мындай санда добуш алыш кыйын болгондуктан бир мандаттуу округдарда шайлоо эки тур менен өтөрү талашсыз.


Булардын баары Жогорку Кеңештин элдик болбой калышына шарт түзөт. Анткени бир мандаттуу округдар өтө аз болгондуктан, өтө көп сандагы добуштарды алыш керек болот. Мындайда атаандаштык абдан күчтүү болуп, байлыгы, бийлиги барлар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот.


Эгерде 90 мандат толугу менен бир мандаттуу округдардан шайланса, анда 40 миң киши бир депутат шайлай турган болот. 40 миң шайлоочунун жарымы шайлоого келсе, анда 10 миңден ашуун добуш алган талапкер мандатка эгедер болот. Мындай шартта Жогорку Кеңешке калктын түрдүү катмарынан шайланууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк ачылат эле.


Негизи президентик башкаруу орногон өлкөдө Жогорку Кеңешке шайлоо бир мандаттуу округдардан болгону максатка ылайыктуу. Эл тарабынан түздөн-түз шайланган президент жана Жогорку Кеңеш бири-бирин тең салмактап тура турган болот.


Партияларга мүмкүнчүлүк бериш үчүн аларга да талапкер көрсөтүү укугун берген оң болот. Ошондо жеке инсан жана саясий партия талапкер көрсөтүүгө укуктуу болмокчу. Күчтүү партиялар бир мандаттуу округдардан талапкер көрсөтүп, бир саясий күч болуп келишке мумкүнчүлүк алат.


Ал эми партиялык тизме менен шайлоо дагы эле тизмеде алдыңкы орундарды сатуу, мандат бизнесин күчөтөт...


Айданбек Акматов 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн