Ар беш жылда «баарын нөлдөн баштайбыз» деген эл экенбиз. Эч эле өткөн чактан сабак ала албай койдук. Эгемендик алганыбызга отуз жылга чукул убакыт өтпөгөндөй, эки жолу революция болбогондой, Конституцияны кайра-кайра өзгөртө берип жамаачыга айлантпагандай жашайбыз. Дагы деле тилибиз чыгалек, тың басалек наристе сымалбыз. Болбосо отуз жылдык тажрыйбабыз жетиштүү, алган сабактарыбыз да орчундуу эле. Ошондон улам томолонуп-жумаланып, ордубуздан жыла албай жатсак керек.
Баса, ордубузда эле турабыз десек да жаңылышабыз. «Процесс эч качан бир ордунда токтоп турбайт, ал алдыга жылбаса, анда аркага кетет» деген аныктама бар. Туурасы ушундай, биз тээ 1990-жылдардын башындагыдан да бир топ аркага кеттик. Ага чейин иштеп келген завод-фабрикаларды талкаладык. Ордуна жаңыларын куралбадык. Адабиятыз аксады, маданиятыбыз аксады. Билим берүү, саламаттыкты сактоо системалары талкаланды. Айыл чарба министрлигибиз бар, бирок айыл чарбабыз өнүккөн жок. Жогорку мамлекеттик кызматтарга, Жогорку Кеңешке улам убакыт өткөн сайын тажрыйбасыздар, билимсиздер, сабатсыздар көбүрөөк тартыла баштады. Натыйжада коронавирус пандемиясы учурунда кимге таянарыбызды билбей калдык. Эл өзүнө өзү жөлөк-таяк издеп баштады. Чет мамлекеттердеги мекендештерибиз, өлкө ичиндеги ишкерлерибиз колдорунан келишинче материалдык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Баарынан кейиштүүсү, элибиз мындай учурда криминалдык авторитеттерден да жардам алууга аргасыз болду.
Парламенттеги бийликти олигархтар басып алганын жана саясий күрөштүн тартибин аныктап салышканын тана албайбыз. Депутат болгуң келсе көп акчаң гана болушу керек. Болду. Акылың канчалык иштейт, билимиң жетиштүүбү деген суроолор мааниге ээ эмес. 300 миңден 500 миң АКШ долларына чейин акчаңды бересиң да мандат менен камсыз болосуң. Андан кийин парламентте беш жыл бою уктап отурасыңбы, же «менин ордума кнопка басып турчу» деп бирөөгө табыштап коюп, эс алып жүрө бересиңби, өзүңдүн ишиң.
Демек, бизде саясий коррупция деген балээ дагы туу чокусуна жете гүлдөдү. Ири каражат коротуп мандат тагынган депутаттын көздөгөнү эмне болушу мүмкүн? Элдин же мамлекеттин кызыкчылыгы эмес экенине ишене бериңиз. Өздөрүнүн кызыкчылыгына келгенде тикелеринен тик турушат. Анан көз каранды, мажирөө өкмөттү курашат. Натыйжада экономикасы алсыз, калкы жарды мамлекет болуудан алыстай албай келебиз.
Эмне кылуу керек? Мындай жашоодон тажагандай деле болдук. Өзгөрө алабызбы? Же дагы «баарын нөлдөн баштайбызбы»? Баарыбыз өзгөрүүнү каалап турабыз. Ошол өзгөрүү алдыдагы парламенттик шайлоодо болсо деген тилек бар. Ал ишке ашабы? Пандемия капсалаңында биз эл үчүн тикесинен тик туруп көмөк көрсөтүүгө жарай ала турган кайрымдуу жаштарыбыз бар экенине ынандык. Жүрөгүндө жалыны бар, мамлекет үчүн бекер деле иштеп берүүгө барала тургандарды да көрдүк. Бирок, ошолордун парламентке келүүсүнө жол жабык болуп жатканын кандай кылабыз? Бир гана жол бар, билимдүү, маданияттуу, көкүрөгү идеяга бай жаштардын биригүүсү. Пандемия шартында мына ушундай биригүү шайлоочулардын көңүлүн өзүнө бекем бура алат. Көп түкүрсө көл болот, дымактуу жаштар капчыктары жука болуп жатса, анда өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карабагандардан шайлоого сарптоого жете тургандай каражат чогултуу аракеттерин көрүшү керек. Демократиялуу мамлекеттердин көпчүлүгүндө эле шайлоолор ушундай өтөт. Жаш партиялар үчүн адамдардын колдоосун алуу маанилүү.
Айрымдар «Бир мандаттуу мажоритардык шайлоо системасын кайтарып келели» деген да сунуштарын айтып үлгүрдү. Бирок, биз бул жолду басып өтпөдүк беле? Анда деле акчалуу талапкердин жеңиши камсыздалчу. Эгер ал системага кайра кайтып барсак, кайра эле ошол көрүнүш болот. Анан кантип реформаторлор мандатка ээ болот?
Партиялык система менен эле парламентке реформатор жаштарды алып келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул ирет дагы аларга жол ачуу шайлоочулардын колунда. Эгер 2025-жылы кайрадан эле «баарын нөлдөн баштайлы» дегибиз келбесе, анда бул жолу парламентке келүүнүн ыңгайын таап алган олигархтардан жана партиясын алдыңкы тизмесин бизнеске айлантып алган саясий коррупционерлерден баш тартып, жаңы, дымактуу, билимдүү, интелектуалдык деңгээли бийик жаңы жүздөрдү парламентке жетелеп келели. Албетте, беш жыл ичинде эле Кыргызстанды түп-тамырынан өзгөртүп, өнүккөн өлкөгө айлантып салуу реалдуу эмес. Бирок, ошондой өзгөрүүгө алып бара турган жолдун «капсуласын» салууга эң сонун мүмкүнчүлүк.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн