Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:11
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жаңы президентке эмне үчүн оор болот?

05.01.2021 12:40
792
Жаңы президентке эмне үчүн оор болот?

Жаңы президентти шайлоо күнүнө саналуу гана күндөр калды. Ага ат салышып жаткан талапкерлердин таасирдүүлөрү кат-каттап убадаларды берип, Кыргызстанды күчтүү жана бакубат өлкөгө айланта тургандыктарын айтышууда. Ылайым эле ошол тилектери кабыл болсун. Бирок, бул жолу убада берүүдө өтө терең ойлонуп, анализдеп алган туура болот. Себеби, мамлекетибиз бардык тарабынан өтө оор абалда. Мындай учурда мамлекет башына келген адам оор сыноолорго кабылат. Маселен, мурдагы президенттер тактыдан түшкүсү келбей, кубаланып кеткен болсо, бул ирет мамлекет башында турган адам өзү эле бул кызматтан качып кеткиси келе тургандай жагдай бар.


2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 млрд сом, ал эми чыгашасы 181,3 млрд сом деп бекитилди. Демек бюджеттин дефицити 8,5 млрд сомдон ашат. Бул божомол гана. Буга чейинки практика көрсөтүп келгендей бюджеттин чыгашы божомолдонгондон ашса ашат, бирок кемибейт. Ал эми бул жылы бюджеттин божомолдонгон кирешеси толук аткарылбай калуу коркунучу чоң. Өкмөттүн божомолу боюнча бул жылы салыктан 90 млрдга жакын сом, ал эми бажы кызматынан 52 млрд сомдон ашуун каражат чогулушу керек.


Эгерде ушул күтүлгөн салык жана бажы төлөмдөрү чогулбай калса эмне болот? Алардын чогулушу үчүн биринчи кезекте өлкөдөгү саясий кырдаал стабилдүү болушу шарт. Экинчиден, коронавирус пандемиясы али токтой элек. Ага байланыштуу ишин токтоткон ишканалар али толук кандуу иштей элек. Чек аралар да толук ачылбай турат. Ишканалар иштебесе, алардан кайдагы салык чогулат? Чек аралар ачылбаса бажы төлөмдөрү чогулабы?


Жаңыдан шайланып келген президент адегенде эле ушул көйгөйлөргө туш болот. Эгерде тез аранын ичинде ишканалардын ишин жандантуу, чек араларды ачуу жаатында иш-аракеттерди жасабаса, ансыз да дефицит менен кабыл алынган бюджеттин тартыштыгы көбөйөт. Анын натыйжасында мамлекеттин эсебинен айлык акы алгандар, пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшү маселе жаратат.


Экинчи чоң маселе – бул тышкы карыздар. 2020-жылы мөөнөтү келип калган тышкы карызды эптеп төлөдүк. Бул жылы да 150-180 млн доллар өлчөмүндө тышкы карызды төлөө милдети турат. 2025-жылы 400 млн доллардан ашыгыраак тышкы карызды төлөшүбүз керек болот. Бюджет өзү тартыш болуп, айлык акы, пенсия, жөлөк пул дегендерди төлөй албай жатканда тышкы карыз алкымдан алгандай эле болот. Баса, ушул жерден кошумчалай кете турган жагдай, айлык акы, социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн Россия Кыргызстанга 20 млн доллар жардам көрсөтүп жатат. Демек, азыркы тапта өлкө бюджетинде эч нерсе жок дегендик.


2021-жылдын жарымынан оогонго чейин эле жалаң шайлоолор менен алек болорубуз да белгилүү. Бул жаңы шайланып келген президент үчүн үчүнчү маселе болуп калат. Себеби шайлоолордун алдында саясий кырдаал курчууй турганы жашыруун эмес. Бул саясий жагы. Ал эми экономикалык жагынан алып караганда, бул шайлоолорду (парламенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, анан дагы конституциялык реформа боюнча референдум) өткөрүү үчүн мамлекет казынасынан жүздөгөн миллиондор сарпталат. Ансыз да өлөсөлүү бюджетибиз жалаң шайлоолорду өткөрүү менен дагы алсызданат.


Октябрь тополоңунан бери карай өнөктөш мамлекеттер Кыргызстандагы саясий кырдаалга байкоо салып гана карап турат. Алака-катыш мурдагыдай күчүндө эмес. Жаңы шайланып келген президент тышкы саясатты да биринчи кезекте колго алуусу зарыл болот.


Ошентип жаңы келе турган президенттин алдынан өтө чоң маселелер тосуп чыгат. Андыктан жаңы шайлана турган президенттин бийлигине суктанууга болбойт. Ич күйдүлүк да жасоо акылсыздык. Андан көрө мамлекетибиз бир экенин эске алып, тооруп турган кыйынчылыктарды бирге жеңүүнүн аракетин жасообуз зарыл.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн