Президенттик администрациянын жаңы имараты 2024-жылга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы "Азаттык" радиосуна билдирген.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта имараттын жерпайын түптөө иштери жүрүп жатат. Ишти "Сапат пром" курулуш компаниясы аткарууда. Курулуштун жүрүшүн Иш башкармалыктын алдындагы мамлекеттик дирекция көзөмөлдөйт.
Президенттин жаңы администрациясынын курулушу 15-апрелде башталган. Бул комплекс шаардын түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салынууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн