Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаңы салынган Дүйшөмбү-Ходжент жолу эмнеге сооданы солгундантты?

23.12.2020 13:50
602
Жаңы салынган Дүйшөмбү-Ходжент жолу эмнеге сооданы солгундантты?


Тажикстанда жаңы салынган Дүйшөмбү-Ходжент жолу менен жүргөндөр акча төлөй баштагандан бери эки калаа ортосундагы товар алмашуу 19 пайызга чейин кыскарып кетти. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын отчетунда айтылат.


10 жыл мурда 300 млн. долларга курулган бул трассаны Кытай өкмөтү каржылаган. Тажик бийлиги жолду тейлөө жана ага кеткен чыгымды актоо үчүн бул жайдан жүргөндөргө акы төлөөнү милдеттендирген эле. Коңшу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган, эки ири калааны бириктирген башка жол жок. Бул жолду IRS (Innovative Road Solutions) оффшордук компаниясы көзөмөлгө алат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн