Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы стадион кайсы жерге курулары белгилүү болду (фото)

15.06.2022 16:47
670
Жаңы стадион кайсы жерге курулары белгилүү болду (фото)

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат.  Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.



Анын айтуусуна караганда, стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат.


"Стадион 22,5 миң кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот.

Аны бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт. 

Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт",- деди Султанбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн