Кечээ коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциялык долоордун автору мурдагы президент Бакиевдин кадры экени белгилүү болду. Бул тууралуу 24.kg интернет сайты жазып чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы долбоордун автору ким экенин өздөрү билбейт. Бирок 80 депутат ага кол койгон. 24.kg сайтынын маалыматына таянсак, ЖКнын пресс-катчысы Индира Куралбекова долбоордун авторунун номери деп 0312638692 номерин берген бирок бул номерди эч ким көтөргөн эмес. Аталган номер автордун эмес Акылбек Жапаровдун кабылдамасынын номери болуп чыккан.
Долбоордун документтеринде автор катары президенттин аппаратынын орун басары Бектур Зулпиев көрсөтүлгөн.
Бектур Зулпиев 2005-2009-жж Бакиевдин юридикалык саясат бөлүмүн жетектеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн