Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:27
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Жаңы сунушталып жаткан Министрлер кабинетинин курамы белгилүү болду

12.10.2021 16:30
751
Жаңы сунушталып жаткан Министрлер кабинетинин курамы белгилүү болду

Жаңы сунушталган өкмөттүн курамы белгилүү болду. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов, маданият, маалымат министрлигине Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаев сунушталды.


Руслан Казакбаев тышкы иштер министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.


Бул боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн