Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жаңы турдуңарбы? Транспорт министрлиги Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди

15.08.2023 11:35
294
Жаңы турдуңарбы? Транспорт министрлиги Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди


Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды тилдеди.


Ал курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон.


"Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү курулуш иштери кечеңдеп жаткандыктан эртең мененки саат 07:00дө күтүүсүз барып текшерүүгө алдым", — деп жазды министр өзүнүн соцтармактагы баракчасына.


Ал жеринен тартылган видео менен дагы бөлүшкөн. Анда ал жумушчуларды ишти эрте баштоого чакырган.


"Кана ишти баштаганыңар? Бир дагы техника чыга элек. Жаңы турдуңарбы? Асфальтты алыңарга жараша сыйрыбайт белеңер! Баарын алып салып ыңгайсыздык жаратып жатасыңар. Иштегиле! Жумушту саат 6:00дө баштагыла", — деди министр.


Ал ошондой эле аталган унаа жолдун 71 чакырымынан 141,6 чакырымына чейин "Арек Строй" компаниясы куруп жатканын кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн