Бишкек шаарында жаңы жылдык майрамга карата 31-январдан 1-январга караган түнү коомдук транспорттор атайын графикте иштейт.
Алты троллейбустук каттамдар жарандарды төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:
N2 троллейбус - «Аламүдүн-1» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
N4 троллейбус - Эт комбинаты — Булгаары комбинаты;
N7 троллейбус - "Тунгуч" кичи району - "Ак-Өргө"
N10 троллейбус - «Асанбай» кичи району — Фрунзе атындагы завод;
№14 троллейбус - "Жогорку Жал" кичирайону - Киркомстром.
№ 17 троллейбус - «Асанбай» кичи району - Булгаары заводу.
Ошондой эле, жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдарда автобустар, ошондой эле маршруттук каттамдар жүргүнчүлөрдү ташыйт.
1-январдан тарта бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн