Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаңы жыл түнү күрөөкананы тоноп кеткен жаран аныкталды

Жаңы жыл түнү күрөөкананы тоноп кеткен жаран аныкталды

Таласта жаңы жыл күнү  күрөөканада жасалган уурулук кылмышынын бети ачылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Талас шаарынын 1982-ж.т О. С. арыз менен кайрылган, анда 2022- жылдын 31-декабрь күнү саат 09:30 чамасында Талас шаарынын "Көктөм" соода борборунда орун алган “Азамат” күрөөканасынан белгисиз адамдар эшигин бузуп, ачып кирип биринчи  101миң 635 сом акчасын уурдап,ичин чачып кеткенин билдирген.


Аталган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына  катталып тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруусунун негизинде бул кылмыштын бети ачылган.


Ага шектүү болуп 1983-жылы Ысык-Көл облсунда Түп районунда туулган А.Н.  экендиги жана ал  акчаларды өз кызыкчылыгына коротуп салгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.


Аталган факты боюнча азыркы учурда тиешелүү тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн