Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жаңы жылды майрамдоону каалабагандар жөн койсун

29.12.2020 15:49
549
Жаңы жылды майрамдоону каалабагандар жөн койсун


Жаңы жылдын тегерегиндеги диний адамдардын чуу көтөрүп жатканы натуура иш. Күн жаңырат, жума жаңырат, жыл жаңырат, кылым тогошуп жаңырат... Күн-ай-жыл саноонун Григориан календарын колдонуп жаткандан кийин жылдын жаңыланып, кийинки жаңы жылдын башталып жатканын эч кандай динге, диний түшүнүккө байланыштырбай кабыл алуубуз абзел. Ушундай маселелер менен Динди Коомго, Динди Мамлекетке  каршы коюу акыры чоң чатакка алып келе турганы шексиз. Бул жөнөкөй жыл санак, адамзаты, анын ичинде ислам өлкөлөрү дагы кабыл алган.  Каалаган адам майрам иретинде белгилей берсин, жыл жаңырды деп, жакшылыктан тилек кылып, каалабагандар жөн койсун. Ар кимдин жеке иши болгону дурус. 


Ошондой эле  мамлекеттик иш-чараларга, мамлекет тарабынан белгиленген майрам же дагы кандайдыр бир мааракеге даталарга каршы үгүттөөнү ДИНИЙ  РАДИКАЛИЗМ катары карап, ага карата атайын мыйзам менен жоопкерчиликти аныктап кабыл алуу зарылчылыгы бар азыр. Анткени мындай көрүнүштөр мамлекеттүүлүккө каршы аракет болуу менен, коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн