Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 5,7 млн сом коротулабы? Мэриянын түшүндүрмөсү

13.12.2021 16:26
787
Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 5,7 млн сом коротулабы? Мэриянын түшүндүрмөсү

Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого "Бишкек жарык" ишканасы 5 миллион 687 миң 500 сомдук тендер өткөргөн. Бул сумма коомчулукта талкууга алынганына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы түшүндүрмө берет.


Калаа башкармалыгы бул суммага 25 метрлик балатыны гана эмес, "Ала-Тоо" аянтын жасалгалоого кеткен чыгымдар да кирерин маалымдайт.


"Балатыны, аянтты кооздоого 30дан ашуун муниципалдык кызматтын жумушчулары, бир канча техника тартылды. Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери борбордук көчөлөрдө да жүргүзүлөт. Аллеялар, аянттагы ар кандай объектилери гирляндалар менен оролуп, көчөлөрдөгү бактарга чоң көлөмдөгү оюнчуктар илинди. Мэрия былтыркы жылы сатып алып, бирок артып калган декоративдик каражаттар көйгөй жаратат", - деп жазылат мэрия тараткан маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн