«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи 14-декабрь күнү саат 18:30да өтөт.
Мэриядан билдиришкендей,быйыл Ала-Тоо аянты трансформацияланат. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.
Майрамдын жүрүшүндө конокторго оюн-зоок иш-чаралары, музыка жана бий спектаклдери көрсөтүлүп, аниматорлор өз өнөрлөрүн тартуулайт. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүү аянтчасы уюштурулат.
Мындан тышкары, ар кандай тамак-аштарды жана суусундуктарды сунуштаган тамак-аш зонасы болот.
"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот",-деп айтылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн