Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 17:43
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жаныбек Абиров: Эл шайлоодон чарчады, Бишкекте шайлоо өттү деп кабыл алыш керек

19.05.2021 12:36
1121
Жаныбек Абиров: Эл шайлоодон чарчады, Бишкекте шайлоо өттү деп кабыл алыш керек

Эл кайра-кайра  шайлоого  бара  берип чарчады. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы  төрагасы Жаныбек Абиров "Вести.кг" сайтына билдирген. 


Анын айтымында, БШК шайлооду өттү деп кабыл алыш керек.

"Бишкекте шайлоо өттү деп кабыл алыш керек. Анткени эл кайра-кайра шайлоого баргандан чарчады. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга өтө маанилүү деле себеп жок. Себеби шаардык кеңешке өткөн партиялар бири-биринен  өтө озуп кеткен жок. Мисалы "Эмгек" партиясы 10 мандат, "Ак Бата" 9 мандат калган партиялар да 6-7 мандат алат. Эгер бир партия 25 мандат алганда мейли шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарса. Менин пикиримде Бишкекте шайлоо өттү деген чечим чыгыш керек",- деди "Эмгек" партиясынын мүчөсү Абиров. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мамытбай
205 шайлоону тааным ,яКрыловдун лебедь рак и щукадай болбой бир жакадан баш чыгарып, бир женден кол чыгарып, Аллахым насип кылган АЖООБУЗ менен чогуу элдин мамлекетьин алдыга жылышына жардам ,кол кабыш кылып ЭМГЕКтенели.тетири суйлогон Наримар эсели озунун ойун сарт санаасын бербейт жана он жака бурулбайт,