Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 17:51
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жаныбек Абиров камалабы? Ал айлык маянасын көбөйтүп алган

28.05.2021 17:30
1721
Жаныбек Абиров камалабы? Ал айлык маянасын көбөйтүп алган


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык мэриясында жана шаардык кеңешинде коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, муниципалдык кызматтардын функционалдык милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына 2 маяна өлчөмүндөгү үстөк акылар негизсиз кошулуп, анын ичинде  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 000 сом жана 150 000 сомго көбөйтүлүп, натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталып, 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган. Бул туурасында Башкы прокуратура маалымдады.


Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абировдун жана башка жооптуу кызмат адамдарынын кыймыл аракеттеринен улам келип чыккандыктан, аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн