Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаныбек Абиров кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду

28.07.2023 16:27
958
Жаныбек Абиров кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду


Жаныбек Абиров кайрадан Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган округдан 9 талапкер (бардыгы өзүн-өзү көрсөтүү) шайлоого катышуу ниетин билдирген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай;
- 66 жаштагы пенсионер Асылбеков Куттуубек Бообекович;
- 62 жаштагы врач, хирург-онколог Нышанов Назарбек Айтбекович;
- 69 жаштагы Айыл чарба министрлигинин кызматкери Мамаев Сулайман Шамшиевич;
- 76 жаштагы Аскер ардагери Токтогул Какчекеев.

Белгилей кетсек, аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте кафелердин бириндеги мушташ чырынан кийин мандатып тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн