Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу акыйкатчы инститиунан билдирди.
13-ноябрда акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук госпиталда жаткан Жантөрө Сатыбалдиевден кабар алды. Экс-премьер-министр ага жаңы эле операция жасалганын айткан.
Ошондой эле Сатыбалдиев Жогорку Сотко ЖЭБдин модеринизациясы боюнча ишти кайрадан кароону суранган. Жантөрө Сатыбалдиев 6-октябрь күнү башаламандыкта түрмөдөн чыгып кеткен болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн