Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаңжалга аралашкан кызды бычактаган. Бишкекте бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби айтылды

17.02.2023 16:58
15251
Жаңжалга аралашкан кызды бычактаган. Бишкекте бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби айтылды

Бишкектеги кандуу окуяда бир үй-бүлөнүн өлүмүнүн себеби, каза болгондордун кандай жаракат алгандыгы айтылды.  Бул тууралуу “Бишкек 24” редакциясы өздүк булактарына таянып,  кылмышка шектүү жаран аялдын жана анын кызынын жүрөк тушуна бычак менен бир нече жолу сайган. Каза болгон 18 жаштагы кызды текшерүү учурунда анын башка дагы жаракаттары бар экендиги билинген.


Ал эми каза болгон аял менен кылмышка шектүүнүн уулу делген 9 жаштагы бала муунтулганы маалымдалып, моюнунда издер бар экени кошумчаланган. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле өздүк булактардын маалыматы боюнча, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аял кылмышка шектүүнүн аялына экөөнүн ортосундагы мамилени ачыктайм дегени урушка алып келген. Сүйлөшүүгө барган шектүү менен аялдын ортосундагы урушка кызы аралашып, биринчи аны бычак менен сайып жиберген. Андан соң апасы бычакталып, ал маалда эсине келип, качууга аракет кылган кызды кайра үйгө көтөрүп кирип, бир нече ирет бычак сайган.


Ал эми өзүнүн уулу делген 9 жаштагы баланы кылмыш издерин жашыруу жана күбөлөрүн жок кылуу максатында муунтуп өлтүргөн.


Бул кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык алынган окуянын чоо-жайы. Бирок, чындыгында окуя кандай болгондугун тергөө иштери көрсөтөт.  

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айтпайм айтканда эмне пайда
Наркоман го. Ушундайлардан кийин кантип олум жазайын бербейсинби кайдагы тергоо ачык эле корунуп турат го олгон кызын которуп баратканы
Бегай
Кудай пешенесине ушундай болосун деп жазган да, андан качып кутула албайсын. Тооба кылдым.
Ада
Зоокур акмак!!! Кудай жазасын берсин!!!