Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жапаров № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

04.05.2023 15:50
363
Жапаров № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу курулуп жаткан көп кабаттуу батирлердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.


Анда Министрлер кабинетинин төрагасы мурдагы № 47 түзөтүү колониясынын аймагындагы турак жай кичи районунун курулушу менен таанышты.


Белгилей кетсек, бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган турак жай комплексин куруу пландалууда.


Таанышуу учурунда МинКаб төрагасы кыргызстандыктарды турак жай менен камсыз кылуу Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.


“Президент айткандай, мектеп курулбаган жерге түрмө салууга туура келет. Өлкөбүз өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады, мектептер, жолдор, бүтүндөй кичи райондор курулуп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда. Президент бул милдетти алдыбызга койду”, – деп баса белгилеген Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы турак жайларды курууда табигый мүнөздөгү тобокелдиктерди эске алуу менен курулуш нормаларын сактоо керектигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн