Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жапаров: 4 айда Кумтөр 4 тонна алтын өндүргөн жана ал Кыргызстанда

23.09.2021 13:45
1225
Жапаров: 4 айда Кумтөр 4 тонна алтын өндүргөн жана ал Кыргызстанда

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүрдү. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров "Азаттык" радиосуна билдирди.


Жапаровдун айтымында, ал алтын азыр Кыргызстанда, өкмөт 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болорун мерчемдөөдө жана ишкананын акчасы өлкөнүн ичинде сакталууда.


"Кыргыз Голд" компаниясынын акчасы Кыргызстандын банктарындагы эсептерде эле сакталып турат. Анын акчасын өкмөт же башка тараптар алып алган жери жок. Мурдагы тартипте эле иштеп жатабыз. Болгону бир чоң айырмачылык - мурда бул жакта өндүрүлгөн алтындын бардыгы сыртка чыгарылып кетип турса, азыр бул жактан сатылат. Мурда компаниянын акчасы чет элдик банктарда сакталса, азыр биздин Кыргызстандын банктарында”,- деди Жапаров.


Жапаров өндүрүш иши өз орду менен уланып жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн