Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жапаров: Акыркы эки жылда Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө бет алды

06.04.2023 09:44
310
Жапаров: Акыркы эки жылда Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө бет алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймакка жасаган жумуш сапарынан кийин видеоконференция режиминде бир катар эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго инвестиция тартуу болду.


Министрлер кабинетинин төрагасынын маектештери, аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык инвестициянын олуттуу көлөмүн өздөштүрүү боюнча республиканын потенциалынын кыйла жогорулаганы кызыктырып жатканын белгилешти.


Акылбек Жапаров “акыркы эки жылда Кыргыз Республикасы өнүгүүгө карай туруктуу багыт алды” деп билдирди.


Видеоконференцияга катышкан тараптардын ар бири менен жакынкы апталарда жеке жолугушуу форматында сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.


Белгилей кетсек, 5-апрелде жумуш сапары менен Нарын жана Ысык-Көл облустарында болгон министрлер кабинетинин төрагасы энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрдү, ошондой эле бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын курулуштары менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн