Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жапаров “Айтыш төр” долбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышына катышты

16.05.2023 17:51
1789
Жапаров “Айтыш төр” долбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышына катышты

Улуттук Биринчи каналдын жана Кыргыз Улуттук “Манас” театры уюштурган “Айтыш төр” долбоорунун жыйынтыктоочу чыгарылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.


Теледолбоор КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты.

УТРКнын концерттик студиясында өткөн салтанатка ошондой эле Башкы прокурор К. Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты М. Самыйкожо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. Максүтов, УТРКнын Башкы директору Б. Тиллебаев катышты. 


Улуттук биринчи канал менен Кыргыз улуттук “Манас” театры биргелешип уюштурган төкмө акындардын республикалык долбоорунун сыйлуу коноктору КР Эл артисттери Ж. Алыбаев, З.Үсөнбаев, С.Токтакунова, К.Сартпаева болду

1 млн сом баш байге Акматбек Султан уулуна, 1-орун 500 000 сом Кубат Тукешовго, 2-орун 350 000 сом Арген Бийрмыза уулуна, 3-орун 250 000 сом Чынгызхан Кожошовго буйруду.

2-айлампага чейин жеткен сегиз акынга 100 миң сомдон байге берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн