Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жапаров Азербайжандын өкмөт башчысын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына келип катышууга чакырды

19.08.2022 16:44
471
Жапаров Азербайжандын өкмөт башчысын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына келип катышууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады.


Акылбек Жапаров Али Асадовду Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына конок катары келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн