Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен жолугушту

16.02.2023 09:31
229
Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл Дүйнөлүк өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи менен жолукту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Акылбек Жапаров өткөн жыл кыргыз-эмират кызматташтыгы үчүн окуяларга бай болгонун белгиледи.


“Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары болуп, анын алкагында биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда тараптар ички процедураларды аяктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул келишимдин алкагында биз инвестициялык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярбыз. 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын экинчи отуруму ийгиликтүү өттү. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү, инвестиция, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагында кызматташууну активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар келишимдерге кол коюлду”, - деди ал.


Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл Аль Мазруи өз кезегинде кызматташуунун ыргагына канааттангандыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин белгиледи.


Жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде өкмөттүк акселераторлорду өнүктүрүү, биргелешкен холдинг түзүү маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн