Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров: Чек араны коргоону күчтөндүрүүгө 16 млрд сом жумшалды

21.11.2022 12:21
405
Жапаров: Чек араны коргоону күчтөндүрүүгө 16 млрд сом жумшалды

Чек араны коргоого 16 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Акылбек Жапаров Кыргызстан мындан ары тышкы карыздын ордуна ички карызды көбүрөөк пайдаланат.


"Быйыл бюджеттеги тартыштык биз пландаштырганга караганда 25 миллиард сомго ашыкча болуп кетти. 

Быйыл эле күч органдарынын айлыгын көтөрүүгө 2,6 миллиард сом бөлдүк. Ошондой эле чек арабызды коргоону күчтөндүрүүгө 16 миллиард сомдой каражат жумшалды. Мындан сырткары, Баткен окуясы да болуп кетти. Булар былтыр бюджетти бекитип жатканда каралган эмес",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн