Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жапаров ДССУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору менен жолукту

25.03.2021 16:07
400
Жапаров ДССУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору менен жолукту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


ДССУнун ишмердүүлүгү жана өлкө калкынын саламаттыгын чыңдоого багытталган саламаттыкты сактоо жаатындагы жигердүү кызматташууну мындан ары улантуу боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы пандемияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ДССУга ыраазычылыгын билдирип, аталган уюм Кыргызстанда коронавирус инфекциясына даярдык көрүү жана алдын алуу багытында секторлор боюнча ведомстволор аралык планды иштеп чыгууда маанилүү роль ойногонун белгиледи.

Садыр Жапаров ДССУнун Европадагы регионалдык бюросу менен кызматташууга оң баа берип, кыргыз тарап уюмдун саламаттыкты сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн стратегиялык максаттарын колдоорун белгиледи.

Президент эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен калктын муктаждыгына жараша саламаттыкты сактоо жаатында кызмат көрсөтүүнү пландоо жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүүдө ДССУнун мындан аркы жардамына үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле ал санариптик саламаттыкты сактоону ишке киргизүү, жарандарга психикалык саламаттыкты сактоо жана психосоциалдык колдоо боюнча саясатты өркүндөтүү, калкты эмдөө жолу менен алдын ала турган ооруларды жоюу жана сергек жашоону үгүттөө жаатында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы кыргыз тарап жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, кадрдык жана илимий потенциалды чыңдоо, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө натыйжалуу кадрдык саясатты калыптандыруу боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын кошумчалады.

ДССУнун регионалдык директору Ханс Клюге Кыргызстанга акыркы жолу келип кеткенден бери өлкөдө саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Ал Кыргызстанда саламаттык сактоо системасын реформалоо жана өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып, «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкта көрсөтүлгөн чаралардын өзгөчө маанисине токтолду.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калктын саламаттыгын сактоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө артыкчылыктуу багыт болушу керек.

Ал ошондой эле медицинаны өнүктүрүү үчүн санарипке өтүүнүн маанисин айтып, ДССУ бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Ханс Клюге баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү реформалоодогу алгылыктуу жетишкендиктерди канааттануу менен белгилеп, бул багытка мындан ары дагы көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

ДССУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору жигердүү кызматташууну улантууга даяр экенин айтып, өлкөдө эмдөө иштеринин башталганына канааттанганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн