Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жапаров: Дүйнөлүк билим берүү системасына талап өзгөрдү, баарыбыз өзгөрүүгө тийишпиз

18.07.2023 18:06
353
Жапаров: Дүйнөлүк билим берүү системасына талап өзгөрдү, баарыбыз өзгөрүүгө тийишпиз


Бүгүн, 18-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйыны өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Эдиль Байсалов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрликтин алдындагы түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана өзгөчө макамы бар 5 жогорку окуу жайдын ректорлору катышты.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Төрага Акылбек Жапаров келечекте Google, Microsoft же Amazon сыяктуу технология гиганттары жасалма интеллект менен башкарылган “Netflix for Education” схемасында арзан, ийкемдүү билим берүүнү сунушташы мүмкүн экендигин жана баарын күтүүгө болорун айтты.


 “Кыргызстандын бүгүнкү жогорку билим берүү системасы дүйнө умтулган келечекке бизди жакынкы жылдары жеткирбейт. Жогорку технологиялык, санариптик жана кыймылдуу эмгек рыноктору өтө тездик менен алмашууда. Биз жыйырма жылдан бери 21-кылымда жашап жатабыз. Эмгек өндүрүмдүүлүгү эмгек тартибин өзгөртүүдө. Ишке жөндөмдүүлүк, көндүм сапаттар биринчи орунга чыгууда. Демек, талап өзгөрдү, баарыбыз өзгөрүүгө тийишпиз!”, - деди Акылбек Жапаров.


Төрага Акылбек Жапаров 20 жылдан бери иштеп келген “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамдын жаңы редакциясы Президенттин билим берүү системасын реформалоо боюнча идеяларын камтый тургандыгын жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин, ЖК депутаттарынын, жарандык коомдун саясий эркин бириктиргендигин билдирди.


Жаңы мыйзамдын негизги багыты – билим берүүнүн сапаты, коррупцияны жоюу, билим берүү мамлекеттик каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган. 


 2023-жылы билим берүү тармагын каржылоо 60,9 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд сомго көп экендигин айтты Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.


“Акыркы жылдары билим берүүдө бир топ иштер аткарылууда. Алсак, мугалимдердин айлык акылары туруктуу болуп калды. Азыр ар бир мугалим кайсы сабактын мугалими канча саат бар, канча стажы бар, канча айлык аларын так билет. Экинчиден, баары ачык-айкын болуп калды. Үчүнчүдөн, 2021-2022-окуу жылы 2 миң 785 мугалим  жетишсиз болсо, 2022-2023-окуу жылында дээрлик 4 эсеге азайды - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.


Акылбек Жапаров алдыңкы өлкөлөрдүн билим берүү тармагындагы натыйжа көрсөткөн тажрыйбаларын алуудан тартынбоо керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн