Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жапаров: Дүйнөлүк цивилизация батыштан чыгышка багыт алды

26.05.2022 10:44
1154
Жапаров: Дүйнөлүк цивилизация батыштан чыгышка багыт алды

Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй жыла баштады. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразия экономикалык форумунун ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


"Дүйнөлүк цивилизация Батыштан Чыгышты көздөй багыт ала баштады. Негизги экономикалык салмак акырындык менен Азия континентине жайгашууда. Европага терезе жабылса, Азиянын эшигин ачабыз. Биздин бирикме өзүнүн көзөмөлдөөчү позициясына өтчү мезгил келди", — деди Жапаров.


Ошондой эле ал азыркыдай кризис, өзгөрүүлөр учурунда интеграциялык процесстер өтө маанилүү экенин айтты.

"Биргелешип иштешүү жолу менен гана ийгиликтер жаралып келе жатат. ЕАЭБ акырындык менен саясий биримдикке өтүп кете турган экономикалык биримдиктин модели болуп калышы керек. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында биримдиктин ИДПсы 4,5 пайызга өстү", — деди өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн