Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде долларды колдонуудан баш тартууга чакырды

19.08.2021 16:52
1453
Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде долларды колдонуудан баш тартууга чакырды

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдү АКШ доллары менен эсептешүүдөн баш тартууга чакырды. Ал мындай пикирин бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык бизнес-форумда билдирди.


Жапаров биримдиктин алкагында эсептешүүгө доллар сыяктуу «котормочу» валютага муктаждык болбошу керек деген ойдо. Аны Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков да кубаттады. Новиков ЕАЭБ алкагында түрдүү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жоготуу талабы арбын айтыла баштаганын белгилеп, долларга көз карандылык товар алмашуунун көлөмүнө таасир этерин, бул өз кезегинде улуттук валютанын девальвациясына алып келерин белгиледи.


Ушул учурда Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында кыргыз-орус ишкерлеринин «ЕАЭБдин алкагында жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу үчүнчү бизнес-форуму өтүп жатат.


Ага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстандан ишкерлер менен Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышууда.


ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Биримдик алкагында эсепетешүүдө АКШ долларынан баш тартуу маселеси буга чейин да көтөрүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн