Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жапаров ЕРӨБнын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

15.04.2022 09:25
504
Жапаров ЕРӨБнын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушту.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.


Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, ресурстук жана энергетикалык үнөмдөө, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, өлкөнүн глобалдык жылуулуктун кесепеттерин алдын алуу боюнча эл аралык аракеттерге кошкон салымы эсептелерин кошумчалады.


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жакында борбордо энергетика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунушталган, өлкөнүн энергетикалык тармагын трансформациялоо боюнча форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле ал министрлер кабинети тарабынан даярдалган Антикризистик чаралардын планын белгилеп, кыргыз тарапты Кумтөр кени боюнча келишимдин түзүлүшү менен куттуктады.


Жолугушууда тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда ирригация, айыл чарба жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Финансы институтунун өкүлү республикага агробизнести өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн