Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жапаров: Электрмобилдерди алып келүүдө 3-5 жылга КНСти алып салуу керек

04.12.2021 20:21
856
Жапаров: Электрмобилдерди алып келүүдө  3-5 жылга КНСти алып салуу керек

Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди. 


Министрлер Кабинетинин башчысы транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 


«Биз электробустарды борборго коё берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», - деди ал жана Мамлекет башчы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.


Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн