Канадалыктар да Кумтөрдү кыргыздар бир күн алып коёт деген ою болгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, "Центерра" менен сүйлөшүүлөр акыркы этапта жүргүзүлүп жатат.
"Биз бүгүнкү күндө дагы Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакында Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасайт.
Канадалыктар өздөрү да Кумтөрдү кыргыздар бир күн алып коёт деген ой менен бардык эсептерди чет өлкөдө аткарып турган.
Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын азыркы учурда Кыргызстанда сатылып жатат",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн