Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жапаров Каракол шаарындагы мурдагы соттордун бошотулган имараттарын көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди

01.03.2023 17:32
394
Жапаров Каракол шаарындагы мурдагы соттордун бошотулган имараттарын көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы мурдагы соттордун бошотулган имараттарын көрүп чыкты.


Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы азыркы учурда Сот адилеттиги үйүндө жайгашкан Ысык-Көл административдик сотунун эски имаратынын абалы менен таанышып, бошотулган имаратты Каракол шаарынын мэриясынын балансына Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаарындагы башкармалыгына пайдаланууга берүүнү тапшырды.


Ал эми мурда салык кызматына тиешелүү бошотулган имаратты жаңы бала бакчага ылайыктап, реконструкциялоо тапшырмасы берилди. Садыр Жапаров ошондой эле Каракол шаардык сотунун имаратын Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп, мурдагыдай кайра бала бакча калыбына келтирүүнү тапшырды.


Президент Сот адилеттиги үйүнө көчүп барган Ысык-Көл облустук сотунун мурдагы имаратын да кыдырды. Азыркы учурда бул имаратка Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы, Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматынын түзүмдөрү көчүп барган.


Президент Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар сот бийлигинин өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун мындан ары да жогорулатууга, ошого жараша жалпы сот тутумуна болгон элдин ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрүнө бекем ишенерин билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн